​Неймар кетти! Бельгия жарым финалга чыкты

​Неймар кетти! Бельгия жарым финалга чыкты
7-Июль 2018, Ишемби, 10:38

Орусияда өтүп жаткан дүйнө чемпионаттында Бельгия 2:1 эсебинде Бразилияны жеңип, жарым финалга чыкты. Беттешүү Казань шаарынын “Казань Арена” стадионунда өттү. Адегенде 13 мүнөттө Бразилия курама командасынын жарым коргоочусу Фернандиньо өз дарбазасына автогол тээп, эсеп ачылган. 31 мүнөттө белгиялык футболчулар эсепти Кевин Де Брёйн голу менен экиге чыгарды.

Ал эми бразиялыктар 76 мүнөттө Ренато Аугустонун голу менен кубанышты. Андан кийин Титинин командасы гол киргизгенге жетишкен жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!