​Франция биринчилерден болуп финалга чыкты

​Франция биринчилерден болуп финалга чыкты
11-Июль 2018, Шаршемби, 11:48

Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионаттында Франция курама командасы биринчилерден болуп финалга чыкты. Алар түндөгү "Санкт-Петербург" стадионундагы Бельгия менен болгон кызуу беттешүүдө 1:0 эсебинде жеңишке жетишти.

Биринчи таймда белгиялык футболчулар шамдагайлыкты жана чабуулдары менен айырмалана алса дагы, эч кандай гол киргизе алышкан жок. Экинчи жарымында коргоочу Самюель Умтити чечүүчү голду киргизди.

Жыйынтыгында Франция курама командасы 1998-жылдан бери кайрадан финалга чыгып отурат.

Бүгүн Хорватия жана Англия командалары беттешет. Бул оюндун жеңүүчүсү финалда Франция менен, утулганы үчүнчү орунга Бельгия менен ойномокчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР