​Хорватия курама командасы 28 миллион евро алат

​Хорватия курама командасы 28 миллион евро алат
12-Июль 2018, Бейшемби, 14:09

Хорватия футбол биримдиги дүйнө чемпионаттынын финалына чыккандыгы үчүн ФИФАдан 28 миллион евро алат. Түндө Хорватия курамасы 2:1 эсебинде жеңишке жетти. Бул улуттук команда эми чечүүчү оюнда Франция курамасы менен 15-июлда күч сынашат. Ал эми Англия коло медалдар үчүн Бельгия курамасы менен 14-июлда кездешет.

ФИФАнын акча каражатын чечүү маселеси 2017-жылы эле бөлүшүлгөн. Ага ылайык ар бир катышуучу курама команда 8 миллион евро алат. Ал эми 1/8 финалы12 миллион, чейрек финал 16 миллион евро алат. Төртүнчү орунга 22 миллион евро, коло сыйлык 24 миллион евро. Дүйнө чемпионаттында финалга чыккандар 28 миллион евро, жеңүүчү болсо 38 миллион евро алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!