​Чемпионат Орусиядан Катарга кетти (видео)

​Чемпионат Орусиядан Катарга кетти (видео)
16-Июль 2018, Дүйшөмбү, 13:54

Футбол чемпионаты Орусиядан расмий түрдө Катарга тапшырылды. Символикалык тапшыруу аземине Орусия президенти Владимир Путин, Катар эмири Тамим бен Хамад Аль Тани жана Эл аралык футбол федерациясынын президенти (ФИФА) Джанни Инфантино катышты.

Эми 2022-жылы Катар кийинки 24-жолу өткөрүлчү футбол боюнча дүйнө чемпионатын уюштурат. 2018-дүйнө чемпионаты жазуучу бар кызыл-ак топту Путин символикалык түрдө тапшырды.


2022-жылы дүйнө чемпионаттын Катарда өткөрүү 2010-жылы декабрь айында кабыл алынган болчу. Бул чемпионат Жакынкы Чыгышта кышында 21-ноябрдан 18-декабарга чейин өтө турган өзгөчө футбол майрамы болмокчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!