Чемпионатта чет өлкөлүктөр 1,5 миллиард доллар коротушту

Чемпионатта чет өлкөлүктөр 1,5 миллиард доллар коротушту
18-Июль 2018, Шаршемби, 11:13

Орусияда өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионаттында чет өлкөлүктөр 1,5 миллиард доллар коротушкан. Бул тууралуу "Р-Спорт" басылмасы жазууда. Сбербанктын жалпы маалыматтарына караганда Орусиянын европалык бөлүгүндөгү чет өлкөлүктөрдүн жалпы чыгымы 1,5 миллиард долларды түзгөн. Былтыркы жылга салыштырмалуу чемпионат учурунда өсүштөр Саранск шаарында 18 эсе, Краснодарск крайында (4,9 эсе), Самара облусунда (4,6 эсе) жана Нижегородская облусунда (4,1 эсе) жогорулаган.

Ал эми Москва жана Санкт-Петербург шаарында 1,9 эсеге жогорулаган.

Мындан тышкары чемпионат учурунда аймактар дагы мейманканалардын таңкыстыгынан киреше табышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!