​Көзү ачык Ахилл мышыгы кожоюн издөөдө

​Көзү ачык Ахилл мышыгы кожоюн издөөдө
18-Июль 2018, Шаршемби, 11:49

Орусияда өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионатынын алдын-ала жыйынтыктарын букмекерден кем калышпаган айбанаттар айтып турушту. Адегенде осьминог оюндардын эсебин туура таап келсе, кийин Эрмитаждагы көзү ачык Ахилл мышыгы бир топ беттешүүлөрдү алдын-ала айтууга жетишти.

Чемпионат учурунда атактуу болгон көзү ачык Ахилл мышыгы эми кожоюн издеп жатат. Эрмитаждагы мышыктардын ветеринардык догдуру Анна Кондратьева Ахилл мышыгын багып алууну каалагандарга берүүнү чечишкендигин, учурда 27 адам бул сунушка макул болгонун айткан.

Ахилл мышыгы “Орусия - Сауд Арабия”, “Орусия-Египет”,“Иран – Марокко”, “Бразилия -Коста-Рика” оюндарында жаңылган эмес. Бул мышык эсепти таппаганы менен жеңишти ким ала турганын божомолдой алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР