Орусияда өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионатына 3 миллиондон ашык чет өлкөлүк күйөрмандар катышты. Бул тууралуу Орусиянын вице-премьери Ольга Голодец билдирди.
Чемпионаттын жыйынтыгын чыгарган Ольга Голодец жалпысынан футбол беттешүүлөрүнө катышуу 99,8-99,9 пайыз болгондугун жана 3 миллион 31 миң 768 чет өлкөлүк күйөрмандар катышкандыгын белгиледи. Футбол паспортун 806 чет өлкөлүк жаран алган.
Билеттерди айрыкча АКШ, Бразилия жана Германия өлкөлөрүнүн жарандары көп алышкан.
Чемпионатка 25 өлкөнүн президенттери, 7 ар кандай монархиянын өкүлдөрү жана 11 өкмөт башчылары катышкан.