​Месси башкы машыктыруучусу менен урушкан

​Месси башкы машыктыруучусу менен урушкан
23-Июль 2018, Дүйшөмбү, 13:04

Аргентина курама командасынын лидери Лионель Месси башында турган футболчулар менен башкы машыктыруучусу Хорхе Сампаоли ортосунда катуу жанжал чыккан. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. Футболчулар дүйнө чемпионаттында Хорватиядан 0:3 эсебинде жеңилгенден кийин башкы машыктыруусуна ишенбестик жарыя кылышкан.

Оюндан кийин футболчулар башкы машыктыруучусу Хорхе Сампаолиге ишенбей тургандыктарын жана анын талаптары түшүнүксүз экендигин айтышкан.

Мындан тышкары алар мындай дүйнөлүк мелдеш алдында бардык талкууларга катышууну суранышкан. Ал эми Месси дайыма андан кеңеш сураган машыктыруучуга толгон күнөөлөрдү койгон.

Месси “Сен менден командада кимдин ойноп-ойнобош керектигин жүз жолу сурадың. Мен бир да футболчуну атаган жокмун. Баардыгынын алдында айт ошондой болду беле!”,-деп кыйкырган.

Бул жаңжал тууралуу журналист Ариэль Сеносяндын “Дүйнө чемпионаты тарыхта” аттуу жаңы чыккан китебинде жазылган
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!