​Неймар чемпионаттагы жыгылгандарын айтты (видео)

​Неймар чемпионаттагы жыгылгандарын айтты (видео)
24-Июль 2018, Шейшемби, 10:47

Бразилия курама командасынын чабуулчусу Неймар Орусияда өткөн дүйнө чемпионаттындагы улам жыгала бергендерине жооп берди. Бразилия футбол жылдызы чындыгында катуу ооругандыгын жана күйөрмандар аны жаңылышып тамаша салышкандыгын белгиледи.

Неймар “Силер мени футбол талаасында муз тээп, ойноп жургөндөй көрөсүңөр. Анда эмне деген жоопкерчилик бар. Мен катуу ооруганыма карабай ойнодум”,-деди.

Атактуу футболчу оюндан кийин бутунун сыздап ооругандыгын жана муз менен таңып 3-4 саат отургандыгын айтты. “Мындай абалды эч кимге түшүндүрө албайм. Бирок тамашаларды күлкү менен гана кабыл алдым”,-деп билдирген.


Эске салсак, Бразилиянын курама командасы Мексиканы 2:0 эсебинде утуп, чейрек финалга чыккан болчу. Анда Неймар бир канча жолу жыгылып, тоголонуп калган. Аны күйөрмандар мышыктын алдында тоголонгон чычканга салышытырып, бир күндө 2,4 миллиондон ашык ирет көрүшкөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!