Чемпионат 14,8 млрд рубл киреше алып келди

Чемпионат 14,8 млрд рубл киреше алып келди
25-Июль 2018, Шаршемби, 12:29

Орусияда өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионаты Москва шаарына 14,8 млрд рубл киреше алып келди. Бул тууралуу шаары мэри Сергей Собянин билдирди.

“Лужники” стадионун жаңыртууга 26 млрд рубл жумшалган. Ал эми футбол күйөрмандары борбордук бюджетке кошумча 14,8 млрд рубл киреше алып келди. Натыйжада стадиондун 50 пайыз чыгашасы бир ай ичинде жабылган.

Мындан тышкары дүйнө чемпионаты Москва шаарына миллиондогон туристтерди кабыл алып, миллиардаган кошумча киреше алып келген.

Такталган маалыматтарга караганда Москва шаарына 4,5 млн. күйөрман жана туристтер келген. Алардын 2,3 млн чет элдик жарандар болгон. Дээрлик, 3,1 млн туристер жумалап калышкан. Калгандары транзиттик жолчулар болушкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!