​Чемпионаттын мыкты голу аныкталды (видео)

​Чемпионаттын мыкты голу аныкталды (видео)
26-Июль 2018, Бейшемби, 10:44

Орусияда өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионаттынын эң мыкты голу аныкталды. Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) 2018-жылкы чемпионаттын мыкты голу Франция курама командасынын коргоочусу Бенжамен Павардын аргентиналыктардын дарбазасына киргизген голун белгиледи.

22 жаштагы француз футболчусу 57 мүнөттө гол киргизген. 1/8 финаландагы беттешүүдө 4:3 эсебинде француздар жеңип алган.

Жеңүүчүнү тандоо онлайн добуш берүү жолу менен аныкталды.

Жалпысынан тизмеге 18 гол тандалып алынган. Экинчи орунга колумбиялык Хуан Кинтеро Жапония менен болгон беттешүүдөгү голу, үчүнчү орунга Хорватия курама командасынын капитаны Луки Модричтин аргентиналыктардын дарбазасына узактан тепкен голу тандалды.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!