Өкмөт башчы Грузияга кетти

Өкмөт башчы Грузияга кетти
16-Июль 2018, Дүйшөмбү, 13:47

Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев жумушчу сапары менен Грузияга учуп кетти. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Грузия өлкөсүнө болгон үч күндүк сапардын алкагында өкмөт башчы Тблиси шаарындагы “Ачык Өкмөт өнөктөштүгү” саммитине катышат.

Андан тышкары Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили, өкмөт башчы Мамука Бахтадзе жана өлкөнүн бир катар министрлик жана ведомстволорунун жетекчилери менен жолугуша тургандыгы күтүлүүдө.

Өкмөт башчы менен бирге Жогорку Кеңештин депутаттары жана өкмөт мүчөлөрү кетишти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!