Албек Ибраимовго издөө жарыяланган эмес

Албек Ибраимовго издөө жарыяланган эмес
16-Июль 2018, Дүйшөмбү, 13:48

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовго издөө жарыялаган эмес. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

14- июлда “Twitter” социалдык тармактын колдонуучусу Орусиянын Москва шаарындагы «Шереметьево» аэропортундагы изделип жаткан кишилердин сүрөтү турган монитордо мэр Албек Ибраимов да бар экенин жазып чыккан.

УКМК маалымдагандай, мэрге издөө жарыяланган эмес. Бирок суракка келүү тууралуу чакыруу кагазы берилген. Азыркы учурда мэрдин келишин күтүп жатышат.

13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары кезексиз сессияга чогулуп, мэрге ишеним көрсөтпөө тууралуу чечимин кабыл алышкан. Бул чечим премьер-министрге жөнөтүлөт. Эгер жактырылса Албек Ибраимов кызматтан кетет.

Эскерте кетсек, Албек Ибраимовго карата «ТНК Дастан» ишканасындагы мыйзам бузуу иштерине байланыштуу 2018-жылдын 28-майында УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1,2-пункттарында каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгогон. Учурда тергөө жүрүп жатат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!