ЖКнын делегациясы Берлинде өткөн ЕККУнун сессиясына катышты

ЖКнын  делегациясы Берлинде өткөн ЕККУнун сессиясына катышты
16-Июль 2018, Дүйшөмбү, 17:14

Парламенттик көпчүлүк коалициясынын башчысы Иса Өмүркулов баштаган Жогорку Кеӊештин делегациясы 7-11-июль аралыгында Берлин шаарында өткөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА) ар жылдык 27-сессиясынын ишине катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. Анда айтылгандай, делегациянын курамында «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаев, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Каныбек Иманалиев, КР ЖК Аппарат башчысынын орун басары Тажимамат Шаболотов жана Аппараттын жооптуу кызматкерлери бар. ЕККУ ПАнын кезектеги сессиясынын темасы «ЕККУ алкагындагы милдеттенмелердин аткарылышы: парламенттердин ролу» болду.

Сессия алкагында ЕККУ ПАнын Туруктуу комитетинин, үч жалпы комитеттин: Саясий маселелер жана коопсуздук боюнча комитеттин, Экономикалык маселелер, илим, технология жана айлана-чөйрө боюнча комитеттин, Демократия маселелери, адам укуктары жана гуманитардык маселелер боюнча комитеттин отурумдары, ошондой эле ЕККУ ПАнын пленардык жыйыны өттү.

Туруктуу комитеттин отурумунун жүрүшүндө үч жалпы комитеттин курамы бекитилип, 2018-2019-каржылык жылдарга Парламенттик ассамблеянын бюджети кабыл алынды.

ЕККУ ПАнын 2018-жылдын күз мезгилинде Кыргызстанда өтө турган кезектеги сессиясына карата даярдык маселеси талкууга алынганда, Иса Өмүркулов күзгү сессияга даярдык иш-чаранын бекитилген планына ылайык жүргүзүлүп жатканын, Жогорку Кеӊештин Аппараты башка мамлекеттик органдар менен бирге бул иш-чаранын жогорку деӊгээлде өтүшү үчүн баардык уюштуруу маселелерин чечүү жаатында жумуштарды жасап жатканын белгиледи.

Жайкы сессиянын жүрүшүндө Жогорку Кеӊештин делегация башчысы Иса Өмүркулов ЕККУ ПАнын төрагасы Г.Церетели менен жолугушуп, Кыргызстанда өтө турган күзгү сессияга карата даярдык жаатында пикир алышты. Жыйынтыгында алар бул иш-чара өлкөдө парламенттик институттун бекемделишине өз салымын кошот, ошондой эле ЕККУга мүчө-мамлекеттердин өкүлдөрүнүн Кыргызстан менен жакындан таанышуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт деген ишенимге келишти.

Андан тышкары, ЕККУ ПАнын төрагалыгына кайрадан Г.Церетели, анын төрт орун басары, үч жалпы комитеттин жетекчилери шайланды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Леди Гага жигити менен болгон мамилесине чекит койду
Леди Гага жигити менен болгон мамилесине чекит койду
Бек Борбиев айымдарды куттуктап Ош шаарында концерт берет
Бек Борбиев айымдарды куттуктап Ош шаарында концерт берет
Айсалкын Джунушалиева:
Айсалкын Джунушалиева: "16-17 жаш балалуу болууга эрте"
Нурзат Токтосунова:  Өзүмдү араң кармап ал жөнүндө сүйлөбөйүн деп атам
Нурзат Токтосунова: Өзүмдү араң кармап ал жөнүндө сүйлөбөйүн деп атам
Акаев: Ак-Ордо конушунун тургандары мэриянын катасынын азабын тартып жатат
Акаев: Ак-Ордо конушунун тургандары мэриянын катасынын азабын тартып жатат
Ырчы Кундуз Канатбек кыздуу болду
Ырчы Кундуз Канатбек кыздуу болду
Лыжа тээп бара жаткандардын үстүнө көчкү түштү
Лыжа тээп бара жаткандардын үстүнө көчкү түштү
Жаңы “SAMSUNG GALAXY S10 5G” уюлдук телефону көрсөтүлөт
Жаңы “SAMSUNG GALAXY S10 5G” уюлдук телефону көрсөтүлөт
​Эл өкүлдөрү ат үстүндө өкмөт менен күч сынашат
​Эл өкүлдөрү ат үстүндө өкмөт менен күч сынашат
Байзакова Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору болду
Байзакова Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору болду
Чакага от жагабыз деп эки адам түтүнгө ууланып өлдү
Чакага от жагабыз деп эки адам түтүнгө ууланып өлдү
Куткаруучулар 6-кабаттан секирип кеткен кызды килем менен тосуп алды
Куткаруучулар 6-кабаттан секирип кеткен кызды килем менен тосуп алды
 “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды
“Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды
Учак убактысынан 48 мүнөт мурда конду
Учак убактысынан 48 мүнөт мурда конду
«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында айыппулдар кантип бөлүнөт?
«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында айыппулдар кантип бөлүнөт?
Футболчу кайрадан кокаин менен кармалды
Футболчу кайрадан кокаин менен кармалды