Президент Жээнбеков жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугат

Президент Жээнбеков жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугат
18-Июль 2018, Шаршемби, 13:25

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков эртең, 19-июлда өлкөнүн жарандык секторунун өкүлдөрү менен жолугушат. Бул тууралуу президенттик аппаратттан маалымдашты.

Маалыматта айылгандай, жолугушууга 30дан ашык өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана коомдук активисттер чакырылган.

Жарандык сектордун өкүлдөрү менен өлкө башчысынын диалогунун алкагында мамлекеттин турмушуна жана мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун ортосундагы өз ара аракеттенүүгө тиешелүү маселелер боюнча пикир алмашуу болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!