Сапар Исаков 5-октябрга чейин камакта калды

Сапар Исаков 5-октябрга чейин камакта калды
29-Авг. 2018, Шаршемби, 12:00

Жогорку сот экс премьер-министр Сапар Исаковду 5-октябрга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу анын жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.

Эскерте кетсек, Биринчи Май райондук соту 31-июлда тергөөнүн өтүнүчү менен Сапар Исаковдун бөгөт чарасын карап, 5-октябрга чейин узарткан. Экс-өкмөт башчынын жактоочусу райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко даттанган. Бирок, чечим өзгөртүүсүз калган.

УКМКнын расмий айыптоосуна таянсак, Сапар Исаков “Президенттин Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында туруп, “Бишкек ЖЭБ модернизациялоо” долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланып, адамдардын бир тобу менен алдын ала белгиленген иш аракеттерди кылуу аркылуу, подрядчикти тандоо сынагында чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын колдогон. Жыйынтыгында мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга ири көлөмдөгү чыгым келтирилген.

Исаков өзүнө козголгон кылмыш ишин “саясий куугунтук” катары баалаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!