Атамбаев ЕККУнун баш катчысын кабыл алды

Атамбаев ЕККУнун баш катчысын кабыл алды
13-Июнь 2017, Шейшемби

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга иш сапары менен келген Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) баш катчысы Ламберто Занньер менен жолугушту.

Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда президент ЕККУ баш катчысын жылуу кабыл алып, өлкөгө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Мамлекет башчысы шайлоочуларды идентификациялоонун биометрикалык системасын колдонуу менен Кыргызстанда парламенттик шайлоолорду уюштуруудагы жана өткөрүүдөгү ЕККУнун көрсөткөн жардамын баса белгиледи. Бул жаңы система шайлоо процессинин ачыктыгын жогорулатып, коомдун ишенимин камсыз кылды.

“Алдыда заманбап технологияларды колдонуу менен президенттик шайлоолорду өткөргөнү даярданып жатабыз. Жарандарга жаңы электрондук биометрикалык паспорттор бериле баштады”, - деди Атамбаев.

Баш катчы Ламберто Занньер жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, ЕККУ мындан ары дагы Кыргызстандагы демократиялык кайра түзүүлөрдү колдойт деп ишендирди. Алдыдагы президенттик шайлоолорго жакшы даярдык көрүүнүн маанисине токтолуп, Ламберто Занньер ЕККУнун байкоочулар миссиясын жөнөтүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

ЕККУнун баш катчысы “Таза коом” санариптик трансформация долбоорунун башталышы менен куттуктап, Кыргызстандагы ЕККУнун программалык ишмердиги дагы ушул долбоордун максаттарына жана милдеттерине ылайык келээрин белгиледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР