Шайлоого 671,5 млн. сом жумшалат

Шайлоого 671,5 млн. сом жумшалат
15-Июнь 2017, Бейшемби

Алдыда өтө турган президенттик шайлоонун бюджети 671,5 млн. сомду түзөт. Бул тууралуу Бобордук шайлоо комиссисынын жетекчиси Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымына караганда, шайлоого кете турган каражаттын 132 млн. сому экинчи тур үчүн каралган. 281 млн. сом участкалык шайлоо комиссияларына төлөнөт.

“Үстүбүздөгү жылдын январь айында шайлоо участкаларында иштеген комиссия мүчөлөрүнө каражат төлөө боюнча мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, аларга 2 миң сомдон төлөнүп берилет. Учурда шайлоо участкаларында жалпы 24 миңден ашык жаран иш алып барат”,-дейт Шайлдабекова.

Ал эми каражаттын калган бөлүгү шайлоо бюллетендерин чыгарууга жана шайлоо участкаларын даярдоого жумшалат.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!