Атамбаев Аванесовду “Даңк” медалы менен сыйлады

Атамбаев Аванесовду “Даңк” медалы менен сыйлады
16-Июнь 2017, Жума

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө миссиясы аяктагандыгына байланыштуу Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын (ПРООН) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александр Аванесовду кабыл алып, “Даңк” медалы менен сыйлады.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда миссиясы аяктагандыгына байланыштуу ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александр Аванесовду кабыл алды.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, Кыргызстан менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосундагы кызматташууну чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн “Даңк” медалы менен сыйлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы Александр Аванесовго Кыргызстандагы жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөнүн БУУ менен кызматташууну чыңдоого кошкон жеке салымын жана өлкөдө маанилүү реформаларды жана кайра түзүүлөрдү жүргүзгөн мезгилде көрсөткөн жардамын белгиледи.

Жогорку сыйлык үчүн ыраазычылык билдирип, Александр Аванесов ПРООНдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү өз ишинде ар дайым өлкөнүн президентинин жеке колдоосун сезип тургандыгын белгиледи.

“Биз көп иштерди аткардык, айрыкча тынч турмушту камсыз кылуу жагынан бир топ иштерди жасай алдык”, - деди Аванесов.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!