Атамбаев беш күндүк иш сапары менен Россияга барат

Атамбаев беш күндүк иш сапары менен Россияга барат
19-Июнь 2017, Дүйшөмбү

Бүгүн, 19-июнь түштөн кийин президент Алмазбек Атамбаев Россияга беш күндүк мамлекеттик сапары менен барат.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, өлкө жетекчиси баштаган расмий делегациянын визити 24-июнга чейин созулат.

Иш сапар эки өлкөнүн дипломатиялык мамилесинин 25 жылдыгына арналып, орус президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен болууда.

Иш сапар учурунда Алмазбек Атамбаевдин президент Путин, өкмөт башчы Дмитрий Медведев менен жолугушмакчы.

Мындан сырктары өлкө башчысы Россиядагы Кыргызстандын маданият күндөрүнүн ачылышына катышат. Эки өлкө ортосундагы бир топ тармактар боюнча эки тараптуу кызматташтык документтерине кол коюлары күтүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!