БШК талапкерлердин арызын кабыл ала баштады

 БШК талапкерлердин арызын кабыл ала баштады
19-Июнь 2017, Дүйшөмбү

15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого катышуу үчүн талапкерлер арызын Борбордук шайлоо комиссиясына бере баштады.

БШКнын маалымат кызматы билдиргендей, ажолукка ат салышуу үчүн алгачкылардан болуп Назарбек Нышанов арыз берген.

Ага улай “Ата Мекен” партиясынын камактагы депутаты Өмүрбек Текебаевдин президенттик шайлоого катышуу үчүн берген арызын БШК кабыл алганын аталган партиянын юристи Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Президенттикке талапкерлерди каттоо 15-июнда башталган. 10 күн аралыгында БШК талапкерлерди каттагандыгы же болбосо баш тарткандыгы тууралуу чечим кабыл алат. Буга чейин бир катар партиялардын саясий кеңеши өз талапкерлерин көрсөткөн. Бирок азырынча расмий түрдө каттала элек.

Талапкерлерди көрсөтүү шайлоого 75 күн калганда токтойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!