Депутаттар партияларды биримдикке чакырды

Депутаттар партияларды биримдикке чакырды
27-Июнь 2017, Шейшемби

Депутаттар партияларды бирикдикке чакырды

Жалал-Абад шаардык кеңешине жаңыдан шайланып келген депутаттардын “Жаңы багыт” көпчүлүк коалициясы азчылыкта калган “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата-Журт” фракцияларын шаар жана шаардыктардын тагдырын тезирээк оң чечүү максатында биримдикке чакырып, кайрылуу жасады. Алар 29-июнь күнү биринчи сессияга чогулуп, шаардын эң зарыл маселелерин чечип берүү зарылдыгын белгилешти.

Шаардык кеңештеги КСДП, “Кыргызстан”, “Мекеним Кыргызстан”, “Республика” партияларынан шайланган депутаттардан түзүлгөн “Жаңы багыт” көпчүлүк коалициясынын лидери Сайдулла Чимбердиевдин айтымында, буга чейин эле шаардык кеңештин жаңы 8-чакырылышынын биринчи сессиясын өткөрүү аракети болду, бирок сессияга “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата-Журт” фракцияларын келбей койгондуктан кворум жетишпей, биринч сессия өтпөй калган.

Ошондуктан, депутаттардын “Жаңы багыт” көпчүлүк коалициясы учурда шаарда жаралган саясый кырдаалды мындан ары курчутпоо максатында азчылыкта калган “Ата-Журт” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларынын депутаттарын 29-июнь күнү өткөрүлүүчү шаардык кеңештин биринчи сессиясына катышууга дагы бир ирет чакырууга мажбур болушууда.

“Мыйзамга ылайык, шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыялангандан кийин эки жумадан кем эмес убакыт ичинде биринчи сессия өткөрүлүшү керек. Убакыт өтүп баратат, айрым партиялар жалпы ишке тоскоолдук жаратышууда. Шаарды өнүктүрүү максатында пландалган жумуштарды мындан ары кечиктирбей аткаруу үчүн тез арада шаардын бюджетин бекитүү маселеси турат”, – дейт С. Чимбердиев.

Эскерте кетсек, шаардык кеңештин депутаттарынын шайлоосу 2016-жылы 11-декабрда өткөн. Анда шаардык кеңешке КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Кыргызстан”, “Республика”, “Ата-Журт” партияларынан депутаттар келишкен. Бирок, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата-Журт” фракцияларынын демилгеси менен депутаттар көп өтпөй таркап кетишкен. Кийинки шайлоо 28-майда өтүп, шаардык кеңешке КСДП, “Кыргызстан”, “Мекеним Кыргызстан”, “Республика”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата-Журт” партияларынын депутаттары келишкен. Биринчи сессияга “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары келбей коюп, азырга чейин төрага, мэр шайлана элек жана шаар бюджети бекитилбей турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Эйнштейндин нацисттик бийликке чейин
Эйнштейндин нацисттик бийликке чейин "тунгуюктуу мезгил келатат" деген каты...
“YouTube”да бекер фильмдер пайда болду
“YouTube”да бекер фильмдер пайда болду
Кайсы белгилүү кроссовкалар ден-соолукка зыян?
Кайсы белгилүү кроссовкалар ден-соолукка зыян?
20-ноябрь:айрым райондордо мезгил-мезгили менен жаан жаайт
20-ноябрь:айрым райондордо мезгил-мезгили менен жаан жаайт
​Мейвезерге Хабиб менен таймашууга 150 миллион доллар сунушталды
​Мейвезерге Хабиб менен таймашууга 150 миллион доллар сунушталды
Башкалардын өтүнүчүн аткаруудан кантип баш тартыш керек?
Башкалардын өтүнүчүн аткаруудан кантип баш тартыш керек?
Мэрия
Мэрия "Тез жардам" кызматына 6 унаа тапшырды
Иммунитетиңизди алсыраткан адаттар
Иммунитетиңизди алсыраткан адаттар
Жаңы жылдык балатылар түркмөн жомокторундай жасалгаланат
Жаңы жылдык балатылар түркмөн жомокторундай жасалгаланат
Абылгазиев деңиз куралдарын өндүргөн ишканага барды
Абылгазиев деңиз куралдарын өндүргөн ишканага барды
6 адамды алып бара жаткан лифт 95-кабаттан кулады
6 адамды алып бара жаткан лифт 95-кабаттан кулады
Назира Айтбекова: “Жаман, жек көргөн адамың сенин периштең, досуң экен…”
Назира Айтбекова: “Жаман, жек көргөн адамың сенин периштең, досуң экен…”
Көздүн тегерегиндеги бырышка каршы маскалар
Көздүн тегерегиндеги бырышка каршы маскалар
Тойдо урушкан жаш жубайларды элдештирген Эрнис Бөрүбаев
Тойдо урушкан жаш жубайларды элдештирген Эрнис Бөрүбаев
Москвада кыргызстандык таксист кардарынын капчыгын кайтарып берди
Москвада кыргызстандык таксист кардарынын капчыгын кайтарып берди
Бензиндин баасына нааразылардын бирөө көз жумса, 400ү жарадар болду
Бензиндин баасына нааразылардын бирөө көз жумса, 400ү жарадар болду