Жамангулов жаш парламентчилердин координатору болду

Жамангулов жаш парламентчилердин координатору болду
28-Июнь 2017, Шаршемби

Жогорку Кеӊештин депутаты Акылбек Жамангулов КМШ ЖПАА координатору болуп шайланды.

Бул тууралуу Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан КМШга мүчө-мамлекеттердин Жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги IX сессиясынын жүрүшүндө белгилүү болгонун парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Жаш парламентчилердин эл аралык иш-чарасына Азербайжандын, Армениянын, Казакстандын, Молдованын, Россиянын, Таджикстан, Кыргызстандын парламентчилери жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышууда.

Иш-чарада терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү, коргоо жана коопсуздук, Жаштар менен студенттердин Бүткүл дүйнөлүк XIX фестивалын өткөрүүгө даярдыктын жүрүшү, тууралуу маселелер талкууга алынды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!