Эл өкүлдөрү эс алууга кетишти

 Эл өкүлдөрү эс алууга кетишти
30-Июнь 2017, Жума

Жогорку Кеӊештин депутаттары сентябрь айынын бирине чейин эмгек өргүүсүнө кетишти.

Праламенттин кечээ. 29-июндагы жыйынында төрага Чыныбай Турсунбеков VI чакырылыштагы Жогорку Кеӊештин депутаттарынын экинчи сессиясын расмий түрдө жабык деп жарыялады.

Төрага кыргыз парламенти экинчи сессия жүрүшүндө өтө маанилүү укук ченемдик актыларды кабыл алып, көптөгөн орчундуу маселелерди көтөргөнүн, алардын чечилишине өбөлгө түзгөнүн белгиледи.

Ал кыйла натыйжалуу иштегени үчүн эл өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, алардын мындан аркы ишинде ийгиликтерди каалады.

Эске салсак, мыйзамга ылайык Жогорку Кеӊештин сессиясы сентябрь айынын биринчи жумушчу күнүнөн тарта июнь айынын акыркы жумушчу күнүнө чейин жыйындар таризинде жүргүзүлөт.

Регламентке ылайык, депутаттар бир ай аймактардагы шайлоочулар менен иш жүргүзөт, андан кийин бир ай эмгек өргүүсүндө болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!