Паспортторду таануучу аппараттар колдонулат

Паспортторду таануучу аппараттар колдонулат
30-Июнь 2017, Жума

Президенттик шайлоодо ID жана EID паспортторду таануучу айкаштырылган аппараттар колдонулат.

Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев шайлоого даярдык көрүү боюнча өткөн ведомстволук штабдын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, алдыдагы шайлоо биометриялык система менен өтүүчү алтынчы шайлоо.

“Президенттик шайлоого чейин программанын айрым функциялары аягына чейин иштелип чыгат. Бирок жалпысынан чоң өзгөрүү болбойт. Жаңы паспортторду таануучу айкалыштырылган аппараттар алынат. Жаңы ридерлер жаңы жана эски паспортторду окуй алат”,-деди Догоев.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 1-майынан баштап биометрикалык паспорттор берилүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!