Ажо болчулардын саны ондон ашты

Ажо болчулардын саны ондон ашты
30-Июнь 2017, Жума

Бүгүнкү күнгө карата Борбордук шайлоо комиссиясы 11 талапкердин документтерин кабыл алды.

БШКнын маалымат кызматы билдиргендей, ажолукка ат салышкан тарапкерлердин экөө аялдар.

Президенттик жарышка аттанган талапкерлердин экөөсү: Бакыт Төрөбаевди “Өнүгүү-Прогресс”, Темир Сариевди “Ак шумкар” партиясы көрсөткөн. Калган талапкерлер өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен БШКга арыз жолдогон.

Алардын катарында Турсунбай Бакир уулу, Таалат Масадыков, Рита Карасартова, Камила Шаршекеева, Бакыт Дегенбаев, Арстанбек Абдылдаев, Назарбек Нышанов, Сайнидин Султанидинов жана Өмүрбек Текебаев бар.

Алдыда талапкерлер мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүп, 30 миңден кем эмес шайлоочунун колун топтоп, күрөөгө 1 миллион сом коюшу шарт.

Шайлоо үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында өткөрүлөт. Талапкерлерди көрсөтүү 1-августка чейин созулат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!