Атамбаев Матвиенко менен жолугушту

Атамбаев Матвиенко менен жолугушту
4-Июль 2017, Шейшемби

Матвиенко Атамбаевге кабыл алганы үчүн ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстанда акыркы жолу 2014-жылы болгонун кошумчалады.

Бүгүн, 4-июлда президент Алмазбек Атамбаев Россиянын федералдык кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Өлкө башчысы Атамбаев Матвиенкого федералдык кеңеш Кыргызстанга ар тараптан жардам берип жатканын белгилеп, ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Матвиенко кабыл алганы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ал Кыргызстанга акыркы ирет 2014-жылы келгенин эске салды.

Белгилей кетсек, Матвиенко Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун чакыруусу менен келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!