Дипломатиялык алакага чейрек кылым

Дипломатиялык алакага чейрек кылым
11-Июль 2017, Шейшемби

Президент Алмазбек Атамбаев менен Грузиянын президенти Георгий Магвелашвили эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына байланыштуу куттуктоо телеграммалары менен алмашышты.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

“Чейрек кылым аралыгында биргелешкен аракеттер менен өлкөлөрүбүз саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну жөнгө салып, өз ара аракеттенишүүнүн натыйжалуу механизмдерин түзүүгө жетишти.

Салттуу достукка жана өз ара түшүнүшүүгө негизделген кыргыз-грузин мамилелерин мындан ары чыңдоо зарылдыгына пикирибиз бир экендигин көрсөткөндүгүбүз өткөн жылы Грузияга жасаган расмий сапарымдын маанилүү жыйынтыгы болду деп эсептейм”, -деп айтылат президент Атамбаевдин куттуктоосунда.

Алмазбек Атамбаев кыргыз тарап өз ара кызыгуу туудурган бардык чөйрөдө кызматташууну активдештирүүгө толук даяр экендигин билдирди. Грузиянын Президентине чың ден соолук, бакыт-таалай, эсенчилик, мамлекеттик ишмердигинде зор ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги грузин элине - тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Президент Георгий Магвелашвили өз куттуктоосунда кыска мезгилдин аралыгында Кыргызстан менен Грузия эки тараптуу деңгээлде дагы, эл аралык аренада дагы өз ара пайдалуу өнөктөштүккө чейин жетише алгандыгын белгиледи.

“Грузия менен Кыргызстандын ортосундагы тарыхый достук жана кызматташтык мамилелер элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн чыңдалып жана өнүгө берет деп ишенем”, -деп белгиленет куттуктоодо.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!