Тоң районунун акими алмашты

Тоң районунун акими алмашты
11-Июль 2017, Шейшемби

Өкмөт башчынын маалымат кызматынан кабарлагандай, Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Улан Эсенгул уулу башка ишке которулгандыгына байланыштуу Ыссык-Көл облусунун Тоң райондук мамлекеттик администрация башчысы-акими ээлеген кызматынан бошотулду.

Анын ордуна Талайбек Тажиев Кулубекович Ыссык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрация башчысы-акими болуп дайындалды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!