Президенттик шайлоо: 23 талапкер арыз берди

Президенттик шайлоо: 23 талапкер арыз берди
14-Июль 2017, Жума

Президенттик шайлоого талапкер болууну каалаган 23 жарандан арыз түшүп, аны Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алды.

Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

«Бүгүнкү күнгө жарандардан 23 арыз келип түштү, анын ичинен 20 жаран өзүн-өзү көрсөтсө, үч талапкерди саясий партиялар көрсөткөн. Азыркы кезде алардын документтери каралууда. Аны менен бирге 2017-жылдын 1-августуна чейин шайлоо участкаларынын аймагы жана схемасы бекитилүүгө тийиш. Биз республиканын аймактарында 2300 шайлоо участкасын ачууну пландаштырып жатабыз. Ошондой эле чет өлкөлөрдө 36 участка ачылат жана Бишкек шаары боюнча кошумча 27 шайлоо участкасын түзүү боюнча сунуштар каралууда», - деп билдирди.

Ал кошумчалагандай, 15-августта шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча иштерди жыйынтыктоо пландаштырылууда. Ага ылайык ар бир жаран өзүнүн шайлоо участкасы менен тааныша алат жана шайлоочулардын тизмеси 60 күн аралыгында таанышуу жана тактоо үчүн жеткиликтүү болот.

«Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын тизмесин түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө, алардын добуш берүүгө катышуусу үчүн зарыл болгон шарттар түзүлөт. Ошондой эле башка мамлекеттерде жашап жана иштеп жаткан Кыргызстандын жарандарын максималдуу камтуу маселеси иштелип жатат. Биз эмгек мигранттарынын добуш берүүгө активдүү катышуусу үчүн шарттарды түзүшүбүз керек»,- деп кошумчалады Шайлдабекова.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!