Өкмөт башчы ажолукка аттанды

Өкмөт башчы ажолукка аттанды
17-Июль 2017, Дүйшөмбү

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун президенттикке талапкерлигин КСДП партиясын колдоду.

15-июлда өткөн партиянын курултайына катышкан 674 делегаттын баары бир ооздон Жээнбековдун талапкерлигин колдошкон.

Чоң саясий жарышка аттанып жаткан өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кландык башкарууга жол бербестигин убада кылып, өлкөнү өнүктүрүү үчүн беш жылдык программа кабыл аларын билдирди.

Ага удаа талапкердин арызы БШКга жөнөтүлдү.

Бүгүнкү күнгө карата президенттик жарышка чыгуу үчүн 29 жаран арыз берди. Алардын арасында мурда-кийин ысымы саясий айдыңда анчейин таанымал эмес жарандар, мурдагы президенттик шайлоого катышкандар, экс-чиновниктер бар.

Президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген. Талапкерлерди каттоо өнөктүгү 1-августка чейин уланат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!