Атамбаев: "Шайлоо жыйынтыгын кабыл алышыбыз керек"

Атамбаев:
24-Июль 2017, Дүйшөмбү

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүгө кепилдик берет. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда Ысык-Көлдө өтүп жаткан маалымат жыйынында президент билдирди.

Анын айтымында, президенттик шайлоонун жыйынтыгын таанышыбыз керек.

“Шайлоонун жыйынтыгын, кандай болсо да кабыл алышыбыз керек. Биз добуштардын ачык айкын саналаарына кепилдик беребиз. Ошол эле учурда биздин жарандарыбыз өздөрүнүн добуштарын акчага саткан учурлар болот. Бул өтө жаман көрүнүш. Мындай көрүнүштөр балким айрым жарандарыбыз өздөрүнүн жоопкерчилигин толугу менен сезе электигинен”,-деди Атамбаев.

“Бийликти тынчтык жолу менен өткөрүүгө кепилдик берэм. Ал эми кырдаалды өзгөртүүгө аракет кылгандарды биз бир жерге көп убакытка отургузуп коебуз”,-деп кошумчалап кетти ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!