​Россиянын базасынын жайгашуу мөөнөтү кыскарды

​Россиянын базасынын жайгашуу мөөнөтү кыскарды
24-Июль 2017, Дүйшөмбү

Кант аба майданында жайгашкан Россиянын аскердик базасы боюнча келишимдин мөөнөтү өзгөртүлдү. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы маалымат жыйында билдирди.

Өлкө башчынын айтымында, Россиянын аскердик базасынын Кыргызстанда жайгашуу мөөнөтү 15 жылга кыскартылды.

“Россиянын аскердик базасы Кыргызстанда кылымдын аягына чейин болмок, бирок биз аны 15 жылга кыскарттык. Мындан кийин мени Россиянын бир топ министрлери жактырбай калышты”,- дейт Атамбаев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!