АКШ элчисинин миссиясы аяктады

АКШ элчисинин миссиясы аяктады
2-Авг. 2017, Шаршемби

Бүгүн, 2-августта тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтнинин дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Коштошуу баарлашуусунда кыргыз-америка мамилесинин учурдагы абалы, эки өлкөнүн келечектеги бири-бирине ишеним артуу маселелери талкууланды.

Эскерте кетсек, Шейла Гуолтни Кыргызстанга 2015-жылы август айында элчи болуп дайындалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!