Сариев биринчи талапкер болуп катталды

Сариев биринчи талапкер болуп катталды
3-Авг. 2017, Бейшемби

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого алгачкы талапкер катары мурдагы өкмөт башчы Темир Сариевди каттап, талапкерлик күбөлүк тапшырды.

Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Сариевди талапкер катары “Ак Шумкар” партиясы көрсөткөн. Ал мыйзамда жазылгандай талап кылынуучу мамлекеттик тил боюнча сынак тапшырып, 3 миңден кем эмес шайлоочулардын колун топтоп, шайлоо күрөөсү үчүн 1 млн. сом төлөгөн.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Жалпы 59 талапкер арыз жолдоп, бүгүн алардын экөөсү өз талапкерлигин чакыртып алганы белгилүү болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!