Калыкбек Султанов кеңешчилик кызматтан кетти

 Калыкбек Султанов кеңешчилик кызматтан кетти
17-Авг. 2017, Бейшемби

Президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Калыкбек Султанов жазган арызынын негизинде кызматынан кетти.

Бул тууралуу буйрукка өлкө жетекчиси Алмазбек Атамбаев кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Калыкбек Султанов президентке кеңешчи болуп 2016-жылы май айында дайындалган. Ага чейин транспорт жана жолдор министри болуп иштеген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!