Жээнбеков кызматын расмий тапшырат

Жээнбеков кызматын расмий тапшырат
21-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Бүгүн, 21-августта премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчылык кызматын расмий тапшырат.

Бул тууралуу премьер-министрдин маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгулов “ZAMAN.KGге” билдирди.

Жыйында жаңы окуу жылына карата даярдык да талкууланат.

КСДП партиясы 15-июлда өткөргөн курултайында Жээнбековду партиянын атынан президенттикке талапкер кылып чыгарган. Мыйзамга ылайык, өкмөт башчы талапкер ктаары расмий мандат алаарда кызматын тапшырып же убактылуу четтеп турушу керек.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Буга чейин Жээнбеков мамлекеттик тил сынагынан өтүп, шайлоочулардын колун тапшырган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!