Өкмөт башчынын отставкасы жарыяланды

Өкмөт башчынын отставкасы жарыяланды
21-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Бүгүн, 21-августта премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчылык кызматын тапшырганын расмий жарыялады.

Ал Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого карата талапкер кылып каттаганын жүйө келтирип, жарышка аттанып жаткан бардык талапкерлер үчүн брдей шарт түзүлүшү керектигин белгиледи.

“Шайлоонун ачык-айкын таза өтүшү мен үчүн маанилүү. Бул менин моралдык принцибим. Мен 10-сентябрга чейин деле азыркы ордумда олтурсам болмок. Бирок баарына бирдей шарт тузүлсүн, административдик ресурсту колдонуу тууралуу пикирлер болбостугу үчүн өкмөт башчылык кызматымды тапшырып жатам. Келерки премьер-министр ким болорун парламент чечет”,-деп билдирди Жээнбеков.

Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков премьер-министрлик кызматка 2016-жылдын апрель айында келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!