Жээнбеков: “Президент болсом азыркы иштерди улантам”

Жээнбеков: “Президент болсом азыркы иштерди улантам”
21-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-августта аткаруу бийлигинин жетекчиси катары акыркы жыйынын өткөрдү.

Президенттик шайлоого катышып жатканына байланыштуу өкмөт башчылык кызматын тапшырып жатканын айтып, бул кызматка келгенден бери олуттуу экономикалык өсүштөр болгонун белгиледи.

“Өкмөт элге жакын боло алды. Ички дүң өнүмдүн, өнөр жайдын, экспорттун өсүшүндө сезилээрлик жыйынтыктар болду. Өкмөт аппаратына ыраазычылык билдирем. Жакшы, жаман күндөрдө чогуу болдук. Президент болуп калсам, бул иштерди улантам. Ага тажрыйбам да, мүмкүнчүлүгүм да жетет”,-деди Жээнбеков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!