Жээнбеков журналисттерге ыраазычылыгын билдирди

Жээнбеков журналисттерге ыраазычылыгын билдирди
21-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчылык кызматынын акыркы күнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен расмий эмес форматта жолугушту.

Ал журналисттерге ыраазычылык билдирип, өкмөттүн ар бирин иши коомчулукка жеткирүүдөгү ЖМКнын ролун баса белгиледи.

“ЖМК өкмөт менен эриш-аркак иштеп, көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берди. Биз көрбөй, билбей калган маселелерди, мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөгү чабалдык, бюрократиялык мамилелерди ашкерелеп, маселенин чечилишине салым кошту”,-деди Жээнбеков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!