Өкмөт отставкага кетти

Өкмөт отставкага кетти
22-Авг. 2017, Шейшемби

Өкмөт отставкага кетип, премьер-министрдин милдетин убактылуу биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Мухаммедкалый Абулгазиевге жүктөлдү.

Тиешелүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди. Ага удаа өкмөттүн отставкасы жөнүндөгү жарлыкка да кол койгон.

Бардык өкмөт мүчөлөрү милдеттерин жаңы өкмөт курамы түзүлгөнгө чейин аткара берет.

Кечээ, 21-августта Сооронбай Жээнбеков президенттикке талапкер болгондугуна байланыштуу кызматын тапшыруу тууралуу арызын президент Атамбаев кабыл алган.

Парламенттеги көпчүлүк коалиция өкмөт башчылыкка президенттин аппарат жетекчиси Сапар Исаковду шайлоо тууралуу маселени карары болжолдонууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!