Атамбаев парламент төрагасына кат жолдоду

Атамбаев парламент төрагасына кат жолдоду
22-Авг. 2017, Шейшемби

25-августта парламент кезексиз сессияга чогулушу ыктымал.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековго кат жолдонгонун президент Алмазбек Атамбаевв парламенттеги көпчүлүк коалициянын фракция лидерлери менен жолугушууда билдирди.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, президент Атамбаев президенттик шайлоо алдында аткаруу бийлиги туруктуу жана натыйжалуу болушу керектигин белгилеп, жаңы өкмөттүн алдында маанилүү милдеттер турганын эскертти.

“Шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү, ага удаа күзгү талаа иштерин өткөрүү, кышка даярдык көрүү туралуу болочоктогу өкмөттүн алдында маанилүү милдеттер турат. Ошол себептүү Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековго өкмөттүн жаңы курамын түзүү үчүн 25-августта кезексиз сессия өткөрүү тууралуу кат жолдодум”,-деди өлкө башчысы.

Жолугушууга КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, “Кыргызстан” фракциясынын лидери Алмазбек Батырбеков жана “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов катышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
 Кадамжайда жайгашкан “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды
Кадамжайда жайгашкан “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды
Учак убактысынан 48 мүнөт мурда конду
Учак убактысынан 48 мүнөт мурда конду
«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында айыппулдар кантип бөлүнөт?
«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында айыппулдар кантип бөлүнөт?
Футболчу кайрадан кокаин менен кармалды
Футболчу кайрадан кокаин менен кармалды
​21-февраль: доллардын наркы төмөндөдү
​21-февраль: доллардын наркы төмөндөдү
“Тил – улут сыймыгы” аттуу көргөзмө өткөрүлөт
“Тил – улут сыймыгы” аттуу көргөзмө өткөрүлөт
17 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдөн секирди (видео)
17 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдөн секирди (видео)
Кувейтте кыргыз маданиятына арналган концерт өтөт
Кувейтте кыргыз маданиятына арналган концерт өтөт
Жанар Акаев менен Садык Шер–Нияз айтыша кетти (видео)
Жанар Акаев менен Садык Шер–Нияз айтыша кетти (видео)
Элдик курултайларды ишке ашыруу максатында жумушчу топ түзүлдү
Элдик курултайларды ишке ашыруу максатында жумушчу топ түзүлдү
Путинден АКШга эскертүү: Башка жерлерди бутага алабыз
Путинден АКШга эскертүү: Башка жерлерди бутага алабыз
АКШ космостон коргонот
АКШ космостон коргонот
Министр Жунушалиев Стамбул шаарында өтүп жаткан конференцияга катышууда
Министр Жунушалиев Стамбул шаарында өтүп жаткан конференцияга катышууда
​21-февраль: тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн
​21-февраль: тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн
Жээнбеков:
Жээнбеков: "Республикалык көчмөндөр оюндары жыл сайын өткөрүлөт"
Айжамал Кабылова кимге нааразы болду?
Айжамал Кабылова кимге нааразы болду?