Жээнбеков кандай иштеди?

Жээнбеков кандай иштеди?
22-Авг. 2017, Шейшемби

Эгемен Кыргызстандын тарыхында жыйырма тогузунчу өкмөт башчы болгон Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоого талапкер катары аттанганына байланыштуу кызматын тапшырды. Ал 1 жыл төрт ай өкмөттү жетектеп турду. Өкмөт башчы ээрдеги эки жылга жакын кызматында кандай иштеди?

Күн мурун Сооронбай Жээнбеков аткаруу бийлигинин жетекчиси катары акыркы жыйын өткөрүп, кызматын тапшырып жатканын жарыялады. Ошол эле күнү президент Алмазбек Атамбаев Жээнбековдун отставкасын кабыл алып, БШК президенттиккке расмий талапкер деген төш белгини тапшырды.

Командасы менен өткөргөн соңку жыйында Жээнбеков өкмөттү жетектеп турган бир жыл төрт ай аралыгында экономикалык өсүүлөр болгонун фактылар менен негиздеп, эң негизгиси өкмөт элге жакын боло алды деп билдирди.

“Жакшы макроэкономикалык көрсөткүчтөргө ээ болдук. Экономиканын өсүү темпи 6,9 пайызга жетти. Былтыр ушул мезгилде 17 пайызга төмөндөп кеткен экспорттун көлөмү азыркы учурда 30 пайызга көбөйдү. 2016-жылы бюджетке түшкөн салык кирешелеринин көлөмүн 2015-жылга салыштырганда 11 млрд. сомго көбөйттүк. Ал эми быйыл, 7 айдын ичинде, өткөн мезгилге салыштырмалуу, жалпы кирешелерди 5,3 млрд. сомго көп чогулттук”,-деди Жээнбеков.

Талдоочулардын баамында, Жээнбеков аткаруу бийлигин жетектеп турганда таскагы катуу да болбой, аксап да калбай, айтор бир ыргакта иш алып барды. Саясий серепчи Бакыт Бакетаев экс-премьер-министрдин ишин алыскы жолго чыккан поезддин жүрүшүнө салыштырды.

“Биринчиден, Сооронбай Шарипович мүнөзүнө жараша фундаменталдуу, жай баракат, системалуу иш алып барды. Өйдө-төмөн болгон жок. Өкмөттү олуттуу уруш-талаштарга алып барбады. Өз нугуна түшүп алып, алыскы жолго бараткан поезд сыяктуу иштеди. Жумушту токтотуп да койбой, ылдамдатып да жибербей, өзүнүн ылдамдыгы менен иштеди.Ошого жараша экономика да тездик менен өсүп да кеткен жок, токтоп да калган жок. Көйгөйлөрдү өз убагында чечкенге аракет жасады. Пиарга көп көңүл бурган жок. Экинчиден, көп жерлерди сугат суу менен камсыздады. Жолдор оңдолду”.-дейт талдоочу Бакетаев.

Жарандык активист Гүлжигит Исаков Жээнбеков кандай иштеди деген суроого “евроремонт жасамайын, косметикалык ремонт жакшы болдубу?" деген суроо кандай учураса, бул суроону да ошондой кабылдай турганын билдирди.

“Кеткен өкмөт күүнү, инерцияны уланткан өкмөт болду. Кыргызстан ЕАЭБге кирээрден мурда айрым чиновниктер “адегенде кыйынчылык болот, анан көнүп кетесиңер” деп тамаша аралаш айткандары эсимде. Жээнбеков күнүмдүк иштерден башы көтөрүлө алган жок. Аны жакшы аткарганын баса белгилөө керек. Бирок экономикалык трансформация үчүн чоң кадамдар, чечимдер керек. Азыр биздин экономика бир инсанга анча деле көз каранды болбогон учурда аны аткарганга эрк керек. Экономикада жана саясатта системалык мамиле зарыл. Номиналдык өсүү статистика боюнча болду деп айтылууда. Бирок биздеги 70 %га чейин жеткен көмүскө экономиканы эске алганда расмий сандар бизди жаңылтып коюушу ыктымал. Элге өзүн көп пиар кылбай, унчукпай иштегени жакты окшойт. Кызматын тапшыраарда бир жыл унчукпаган өкмөт башчынын ММКларда көбүрөөк берилиши ыңгайсыз абалды жаратты жана ар кандай жоромолдорго жол ачты. Өзбек бийлиги менен жакшы мамиледе болгону менен чек ара маселесинин чечилишине ыңгайлуу абал түздү. Жыйынтыктап айтканда, “косметикалык ремонтту” 5тик балл менен 4+га аткарды”,-дейт жарандык активист Гүлжигит Исаков.

Көпчүлүк Сооронбай Жээнбековду бир сырдуу мүнөздөгү, өзүн жарнамалоону жактырбаган адам катары сыпатташат. Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров жаз айында өкмөттүн отчету талкууланып жатканда премьер-министр болгон бир жыл ичинде бир дагы жалпыга маалымдоо каражаттарына интервью бербегенин өзүн пиар кылууну көздөбөгөн жетекчи катары сыпаттаган. 59 жаштагы Жээнбековдун бир уул, бир кызы бар. Үй-бүлөсү тууралуу маалымат коомчулукка көп деле белгилүү эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!