Мирзиеёвдин иш сапарында чек ара келишимине кол коюлат

Мирзиеёвдин иш сапарында чек ара келишимине кол коюлат
4-Сен. 2017, Дүйшөмбү

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв 5-6-сентябрь күндөрү Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет.

Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Субакожоева журналисттер үчүн өткөрүлгөн маалымат жыйынында билдирди.

Мирзиеёвдин иш сапары учурунда эки өлкөнүн ортосундагы чек ара боюнча келишимге кол коюлат.

Аны менен бирге эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтык, чек ара, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу сыяктуу маанилүү документтерге кол коюшат.

“Бул визит тарыхый жана кыргыз-өзбек мамилесин жаңы деңгээлге көтөрүүгө шарт түзүп, кызматташтыктын жаңы барагы ачылат. Эки өлкө ортосундагы ар тараптуу кызматташтык боюнча бир катар маселелер боюнча сүйлөшүү болот. Негизги маселе болуп чек ара тилкелерин тактоо талкууланат”,-деди Субакожоева.

Өзбекстандын президенти иш сапарынын алкагында өкмөт башчы Сапар Исаков жана Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен дагы жолугушмакчы.

Кыргыз-өзбек чек арасынын жалпы узундугу 1378 чакырым. Анын ичинен 320 чакырымы тактала элек, тагыраак айтканда талаштуу делген 58 аймак бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Ырчы Райхан Абдувалиевадан жыгач ваза
Ырчы Райхан Абдувалиевадан жыгач ваза
Коопсуз шаар: Жол эрежесин бузгандарга протоколдор жеткириле баштайт
Коопсуз шаар: Жол эрежесин бузгандарга протоколдор жеткириле баштайт
Депутат:
Депутат:"Калктан электрдин акысын мыйзамсыз алуу жосуну уланууда"
Кытайдын жаңы технологиядагы куралы көпбү?
Кытайдын жаңы технологиядагы куралы көпбү?
Эркектер менен аялдардын психологиясы
Эркектер менен аялдардын психологиясы
МАККББ кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
МАККББ кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
Шайназаров:
Шайназаров:"Айдарбеков туристке айланып калды, барбаган өлкөсү калган жок"
Роботторду ишке алган мейманкана жарым кызматкерин жумуштан кетирди
Роботторду ишке алган мейманкана жарым кызматкерин жумуштан кетирди
Дубайда күйөрман болуп ырчы Мирбек Атабеков да барды
Дубайда күйөрман болуп ырчы Мирбек Атабеков да барды
Келдибаев: «Өкмөт ипотеканын үстөк пайызын 4 пайызга төмөндөтүшү зарыл»
Келдибаев: «Өкмөт ипотеканын үстөк пайызын 4 пайызга төмөндөтүшү зарыл»
Жаш көрсөткөн кышкы сырткы кийимдер
Жаш көрсөткөн кышкы сырткы кийимдер
Президент:
Президент:"Адамдын кадыр-баркы – таза эмгек менен гана бааланышы зарыл"
“Жиндиканалык качкындар”  тасмасынын бет ачаары болду
“Жиндиканалык качкындар” тасмасынын бет ачаары болду
​Мэйвезер “Ювентусту” Суперкубогу менен куттуктады
​Мэйвезер “Ювентусту” Суперкубогу менен куттуктады
Вице-спикер дресс-код тууралуу үн катты (видео)
Вице-спикер дресс-код тууралуу үн катты (видео)
Виктория Бекхам өз канынан косметика чыгарды
Виктория Бекхам өз канынан косметика чыгарды