Бүгүн Өзбекстандын президенти келет

Бүгүн Өзбекстандын президенти келет
5-Сен. 2017, Шейшемби

Бүгүн, 5-сентябрь түштөн кийин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв эки күндүк иш сапары менен Кыргызстанга келет.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Субакожоева пландалган иш сапарынын алкагында эң маанилүү документ болуп эки өлкө ортосундагы чек ара боюнча өткөөл келишимге кол коюларын билдирди.

Аны менен бирге эки өлкө ортосундагы бардык тармактар боюнча кызматташуу, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу сыяктуу документтерге кол коюлмакчы.

Ушул жылдын 16-августунда өзбек өкмөт башчысы Абдулла Арипов Кыргызстанга иш сапары менен келип, кыргыз-өзбек чек арасынын такталган 1170 чакырым тилкесин бекитүү боюнча сүйлөшүүлөр болуп, келишимге кол коюу чечими кабыл алынган.

Өткөн жылдан бери чек араны тактоо боюнча эки мамлекеттин жумушчу топтору 16 жолу жолугушуу өткөргөнүн Айзада Субакожоева кошумчалады.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын жалпы узундугу 1378 чакырымды түзөт. Анын ичинен талаштуу делген 58 аймак же болбосо 320 чакырым тактала элек.

Расмий Ташкент менен Бишкектин ортосундагы кошуналык жылуу мамиле өткон жылдын сентябрь айынан баштап жандана баштаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Кытай АКШ менен соода сүйлөшүүлөрүнөн баш тартты
Кытай АКШ менен соода сүйлөшүүлөрүнөн баш тартты
Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө мыйзамга кол коюлду
Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө мыйзамга кол коюлду
Дастан Бекешев: Угуусу төмөндөр онлайн түрдө сүйлөшө алышат
Дастан Бекешев: Угуусу төмөндөр онлайн түрдө сүйлөшө алышат
Денеден жагымсыз жыт чыгарган тамактар
Денеден жагымсыз жыт чыгарган тамактар
Жеңилбес Джошуа Поветкинди нокаут менен жеңди.
Жеңилбес Джошуа Поветкинди нокаут менен жеңди.
Эгиздей окшош: жылдыздуу ата-энелер жана алардын балдары
Эгиздей окшош: жылдыздуу ата-энелер жана алардын балдары
​Мектептердин 67 пайызы интернетке кошулган
​Мектептердин 67 пайызы интернетке кошулган
Баланын мурдунан суу куюлуу: Аллергиябы же Вирустук оорубу
Баланын мурдунан суу куюлуу: Аллергиябы же Вирустук оорубу
Финпол: Автоунаа ташуунун көмүскө схемасы аныкталды
Финпол: Автоунаа ташуунун көмүскө схемасы аныкталды
Өзбекстан менен Казакстан биргелешип спутник курат
Өзбекстан менен Казакстан биргелешип спутник курат
Миллионердин кызы сэндвич жеп көз жумду
Миллионердин кызы сэндвич жеп көз жумду
Документ жасагыч
Документ жасагыч "ортомчулар" көп кездешүүдө (видео)
Сержант катардагы жоокердин жаагын сындырды
Сержант катардагы жоокердин жаагын сындырды
​Роналду ФИФАнын сыйлык тапшыруу аземине катышпайт
​Роналду ФИФАнын сыйлык тапшыруу аземине катышпайт
Астананын чиновниктери унаадан баш тартып, таксиге өтүштү
Астананын чиновниктери унаадан баш тартып, таксиге өтүштү
Арыктоо үчүн качан тамактануу керек?
Арыктоо үчүн качан тамактануу керек?