​Төрөбаев өз программасын тааныштырды

​Төрөбаев өз программасын тааныштырды
11-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 12:27

Бүгүн, 11-сентябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында президенттикке талапкер, “Өнүгүү-прогресс” саясий партиясынын лидери Бакыт Төрөбевдин “Өнүгүүнүн жаңы багыты-2023” саясий программасын тааныштыруу жыйыны өтүүдө.

Ага партиянын Кыргызстандагы мүчөлөрү, шаар тургундары жана коноктору, журналисттер катышууда. Аталган программаны тааныштырып жатып Бакыт Төрөбаев бийликке келип калса төмөнкүдөй иштер аткарылаарын убада кылды.

“Биз бийликке келип калсак элдин көзөмөлүн күчөтөбүз. Натыйжалуу кадр саясатын жүрүзүп, оптималдуу башкаруу системасын орнотобуз. Бийлик системасындагы аткаруучулук тартип эң башкы критерийге алынат. Мамлекеттик аппарат, башкаруу системасы кескин кыскартууну, өкмөттүн аппаратын натыйжалуу иштөөсүн сунуш кылабыз. Ошондой эле жаңы өкмөттө 13 министрликтен кыскартып, тогузун гана калтырабыз”,-деди ал.

Төрөбаев, депуттардын санын кыскартып, элдик курултай институтун ишке киргизүү керектигин айтты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!