Атамбаев Путин менен Сочиде жолугушат

Атамбаев Путин менен Сочиде жолугушат
12-Сен. 2017, Шейшемби, 13:49

14-сентябрь күнү президент Алмазбек Атамбаев Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушат.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, эки тараптуу жолугушуу Сочи шаарында болору пландалууда.

Жолугушууда Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагындагы актуалдуу маселелер талкууланмакчы.

Октябрь, ноябрь айларында ЕАЭБ жана ЖККУ уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары жолугушат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!