Абулгазиев кеңешчиликтен орун басарлыкка дайындалды

Абулгазиев кеңешчиликтен орун басарлыкка дайындалды
13-Сен. 2017, Шаршемби, 10:02

Мурдагы биринчи вице-премьер-министр, учурда президенттин кеңешчиси болуп иштеп жаткан Мухаммедкалый Абулгазиев президенттик аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, тиешелүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

Абулгазиев акыркы жылдары социалдык фонддун төрагасы, биринчи вице-премьер-министр кызматын аркалап келген.

25-августта жаңы өкмөт дайындалып, Абулгазиев президенттин кеңешчиси болуп бекиген эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!