Президент чек ара боюнча мыйзамга кол койду

Президент чек ара боюнча мыйзамга кол койду
2-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 13:02

Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койду.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Өткөн аптада Жогорку Кеңеш эки өлкөнүн чек арасын делимитациялоо боюнча келишимди жабык карап, жыйынтыгында бир добуштан колдоого алган болчу.

Эскерте кетсек, эки өлкөнүн чек арасын делимитациялоо боюнча келишимге 5-сентябрда өзбек лидери Шавкат Мирзиёевдин расмий Бишкекке жасаган иш-сапарында кол коюлган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара тилкеси 1378 чакырымга барабар. Анын 1170 чакырымы, башкача айтканда 85 пайызы такталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!