Кардиолог өкмөт башчыга кеңешчи болду

Кардиолог өкмөт башчыга кеңешчи болду
3-Окт. 2017, Шейшемби, 10:14

Россиядагы белгилүү кардиологу Алексей Коротеев өкмөт башчы Сапар Исаковдун коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Алексей Коротеев көп жылдар бою РОссиядагы Б.В.Петровский атындагы илимий хирургия борборунда эмгектенген. 2004-жылы ал жүрөктүн жасалма толтосун иштеп чыккан. 2011-жылы бейтаптын ооруган жүрөгү чоңоюп кетпеши үчүн дакрондук торчо кийгизүү жолу аркылуу, жүрөктүн оор дартын дарылоонун жаңы ыкмасын ойлоп тапкан. Бул ыкма менен 115 бейтапка операция жасаган.

Орусияда алгачкы жолу жүрөктүн жасалма толтосун имплантация жасап, 42 жолу операция кылган. 2005-жылы Орусияда биринчи жолу EXCOR BIVAD жүрөктүн жасалма толтосун бейтапка салып операция өткөргөн.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 25-августунда өкмөт башчы Сапар Исаков Жогорку Кеңеште өкмөттүн «Жаңы доорго – кырк кадам» программасын сунуштап жатып, өкмөттүн ишмердүүлүгүндөгү эң негизги багыттардын бири рак ооруларына жана жүрөк-кан тамыр илдетинен жабыркагандарга кам көрүү экенин билдирген.

Буга байланыштуу Алексей Коротеев премьер-министрдин коомдук башталыштагы кеңешчиси катары өлкөдөгү жүрөк-кан тамыр ооруларынан жабыркаган жарандарга медициналык жардам көрсөтүү системасындагы бардык маселелер боюнча жооп берет.

Эскерте кетсек, буга чеин өкмөт башчы Исаков батыштагы белдүү университеттердин төрт бүтүрүүчүсүн кеңешчи кылып алган болчу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Эксперттер эң мыкты үй-бүлөлүк унаалардын тизмегин түзүштү
Эксперттер эң мыкты үй-бүлөлүк унаалардын тизмегин түзүштү
Бактыбаев:
Бактыбаев:"Биздин өлкөдө адамды адам сатууга тыюу салынган"
Бишкекке жаңы 52 троллейбус алынып келинди (видео)
Бишкекке жаңы 52 троллейбус алынып келинди (видео)
Көз жумган кызга iPhone түрүндө эстелик коюлду
Көз жумган кызга iPhone түрүндө эстелик коюлду
Футболчулар калысты сабашты (видео)
Футболчулар калысты сабашты (видео)
27-сентябрь:Тоолуу аймактарда жаан жаашы мүмкүн
27-сентябрь:Тоолуу аймактарда жаан жаашы мүмкүн
“Игра престолов” тартылган жерлер туристтик аймакка айланат
“Игра престолов” тартылган жерлер туристтик аймакка айланат
Ырчы Каныкей кыздуу болду (фото)
Ырчы Каныкей кыздуу болду (фото)
Ибраимов ​“Кыргызстан улуу акындардын жана жазуучулардын мекени”
Ибраимов ​“Кыргызстан улуу акындардын жана жазуучулардын мекени”
Жогорку Кеңеште өлкөнүн акыйкатчысын шайлоо жараяны жүрүүдө
Жогорку Кеңеште өлкөнүн акыйкатчысын шайлоо жараяны жүрүүдө
Хизб-ут-Тахрир уюмунун мүчөсүнө кылмыш иши козголду
Хизб-ут-Тахрир уюмунун мүчөсүнө кылмыш иши козголду
ЕАЭБ талаптарына туура келбеген күйүүчү май КРга киргизилбейт
ЕАЭБ талаптарына туура келбеген күйүүчү май КРга киргизилбейт
Чолпон Талипбекова пластикалык операция жасаттыбы?
Чолпон Талипбекова пластикалык операция жасаттыбы?
18 млн сомго жакын бюджеттик каражатты ыйгарып алгандар аныкталды
18 млн сомго жакын бюджеттик каражатты ыйгарып алгандар аныкталды
Трамп БУУда эмнелерди айтты?
Трамп БУУда эмнелерди айтты?
Дима Билан жол кырсыгына кабылды
Дима Билан жол кырсыгына кабылды